Ысык-Көлгө

Ысык-Көлгө
by Касым Тыныстанов

Кайдасың кең Ысык-Көл, тууган жерим,
Киндигим кесип, кирим жууган жерим!
Көргөн жан саулетиңди сагынады,
Жайкалган сен Каракол — алтын кеним!

Бармысың, Түп, Жыргалаң эки өзөн-суу?
Үстүңө каздар конуп салган кыйкуу.
Жайылган саудагердин койларындай,
Көл бетин бермеушеди үйрекпен, куу!

Айланаң ашык эмес, калың тогай,
Ушады тогайыңнан сайрап торгай.
Турады көз алдымда бул күнгидей,
Кетпейсиң көкиректен мына сол жай!

Жылтырап таудан аккан сууң кандай?
Балапан конуп, учкан Кууң кандай?
Сай-сайдан кечке турум анчыркаган,
Бураң бел арууларың сенин кандай?!

Ах, жерим! Жаңылдырдың мени эсимен,
Таянып түскөн кезде күн бесиннен.
Кең далаң көрүнчү эди бейиске оксап,
Макмал жел коңургакпен самал эскен!..


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.