Аялга
by Алыкул Осмонов

Сүйгүм келет жаш жандырып,жаш болуп,
Жашымды алдап,жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан,
Чыккым келет,жанып чыккан таш болуп.

Сүйгүм келет,миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет,сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет,кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман,жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөт элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.