Деңиз — акын, жүрөк — толкун, шамал — шык

Деңиз — акын, жүрөк — толкун, шамал — шык
by Касым Тыныстанов

Күн боорунда сулуулукту кучактап,
Жаш баладай деңиз күлөт, тынч жатат.
Жан болжогус тереңинде деңиздин
Эмне сыр бар термелсе да билбес жат.

Жел терметсе, жаткан деңиз солкулдап,
Көтөрүлүп, көөкөрдөнөт толкундап.
Байлоодогу эрк сагынган арыстандай,
Чымырканат, улуп-уңшуп күч жыйнап.

Катар, катар өркөч толкун чымылдап,
Жарды уратат эпкин менен койгулап.
Кайтышында сырын айтат ааламга,
Ыр аралаш өксүп, өксүп ый ыйлап.

Ырчы толкун, ыйчы толкун сырын ук,
Эрк, махабат табуу үчүн чыдамдык.
Теше тиктеп, терең теңшеп карасаң,
Деңиз — акын, жүрөк — толкун, шамал — шык.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.