Оорулуу акын

Оорулуу акын
by Алыкул Осмонов

Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын–
Өлүм билбей кол сунат.

Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.

Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдоштор,
Эстесин деп бир убак.

Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.

Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не кылат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс–
Жазган ырлар төрт сабак.

Заман калыс,
Эрдик, намыс,
Керек болор,
Берели.
Жан бүткөнчө–
Кадырлайлы,
Ата менен энени.

6/II–1945 Койсары


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.