Эшимкандын тереги

Эшимкандын тереги
by Алыкул Осмонов

Сүй курбум, заманымды жакшы сыйла,
Сыйлоонун салтанаттуу салты кыйла,
Адил бол, ак пейил бол, ак ниет бол,
Биздин парс касиетине кылмак ыйба.

Акыйкат анын көркү, анын күчү,
Адилдик анын нуру, анын жүзү,
Калыстык, туура жүрөк, таза көңүл,
Замандын эң бир зарыл керектүүсү.

Ушулар: байлык, бакыт, ырыскысы,
Ушулар: урмат, атак, даңк ырысы,
Булардын миллиондон бир сыныгына
Тең эмес жер алтыны, көк жылдызы.

Эшимкан биздин күндүн жай адамы,
Өзөндүн так боюнда үй-чарбагы.
Ал өзөн: шары катуу Жыламыш суу
Сан кылым танбай ичкен калк ардагы.

Дал ошол Жыламыштын берки өйүзүндө,
Кулпуруп көркүн төккөн күндөн-күнгө,
Колхозчу Эшимкандын ак пейлине
Кокустан пайда болгон жер үстүнө:
Саргайтпас күзгү бороон,суук ызгаар,
Кууратпас, чилде аязы, жайкы ысыктар,
Дайым жаш, дайым жашыл жалбырактуу
Көз жеткис бийик өскөн бир терек бар.

Ал терек, бул теректен башка терек,
Жан курбум, сен да көрүп өтсөң керек.
Теректин "кыдыр ээси” кары Эшимкан,
Жомогу ал теректин мындай делет:

Эшимкан бул турмушта көп жол баскан,
Күйүгүп нечен түтөк өрлөр ашкан,
Бирок да мындай заман көргөн эмес,
Бактылуу колхозчу бар, куп жарашкан.

Ал сүйүү колхоз журтун чын пейилден,
Ак ниет, чын адилет пейли менен.
Ал деди заманына кенч үлүшүн
Ар жылы эмгек менен тапкан жерден.

Ак күчүн, ден кубатын, көкүрөк дилин,
Окубай, өзү үйрөнгөн көп билимин,
Колхоздун казынасына тартуу кылып
Байытып, эки кылып бирин-бирин;

Март кыял, дайым ачык куунак көңүлүн,
Тагдырдын сараң жазган бар өмүрүн
Колхоздун байлыгына мурас кылып,
Жүрөктүн ар-бир соккон дүрсүлдөгүн:

Эшимкан удаама-удаа, беш жыл удаа,
Сыйланып ударниктин сыймыгына,
Урматтап жаңы күндүн жаз элесин
Кубанды көтөрмөлөп айыл-калаа.

Беш эмес, бешке беш жыл, он жыл удаа,
Сыйланды ударниктин сыймыгына,
Замана Эшимканды дүңгүрөттү
Жашартып, карылыкка көрбөй ыраа.

Эшимдин ак көңүлү, ак ниети,
Ан сайын арбындалды, тереңдеди.
Багынып табигаттын жазмыш жолу
Берерин бербейм дебей бере берди:

Бир жылы: он эчкиси отуз тууду,
Отузу жыл айланбай жүздү тууду.
Ошентип майда жандык дүр дей түшүп,
Азайтпай жайдын жааны, күздүн суугу.

Бир жылы, көк кунаажын сыйлыкка алды,
Барк албай мал ичине кошуп салды,
Жаз алды кырк литрден ашып кетти
Үч жолу байбиченин сааган сааны.

Бир жылы: (эсимде жок кайсы экени)
Эшимкан калаа жактан түндө келди,
Аялы ушул жашка төрөбөгөн
Ап-аппак эркек уул төрөп берди.

Эртеси эми бошоп коноктордон,
(Адети кеч жатса да эрте ойгонгон;)
Эшимкан эшик ачып чыга калса,
Мамысы кучак жеткис терек болгон.

Ошондон терек деген ушул терек,
Эч бир жан биле албаган боюн ченеп…
Арбын эл ат мамыга айраң калып,
Аташкан: "Эшимкандын тереги” деп.

Ошондон терек делген, ушул терек
Жан курбум, сен да көрүп өтсөң керек.
Айныбай эч кырсыкка моюн бербей
Көгөрүп, көктөп, бүрдөп, гүлдөп келет.

Ал өспөйт, башка бактай айлап жылдап,
Ал өсөт биздин күндөй: күлүп ырдап.
"Жарыктык, жакшылыктын тереги” деп,
Суу үзбөй колхозчулар урмат кылат.

Картайып кары кышта кары болбойт,
Саргайып сары күздө сарыга оңбойт.
Жашарып, жай күнүндөй дайым жашыл,
Анткени ак ниеттин күчү колдойт.

Эс алып колхозчу ава кайткан чардап,
Бир азга терин арчып, демин басат.
Күч берип терек түбү ошол замат
Боюна кубат толуп ишке шашат.

Теректи мына ушинтип пайдаланат,
Колхоздор байлыгына пайда табат.
Оорулар, бир түн конуп түнөп кетсе:
Үч күндө сак-саламат соого айланат.

Аз болсо мындагылар жүзгө жашап,
Жүз эмес кай бирлери андан ашат.
Оору аты ойго келбей унутулуп,
Заманды соо денелүү калктар басат.

Уландар ырдап, бийлеп, оюн курат,
Секирип жаш селкилер кошо чуулап,
Кыз-күйөө турмуш куруп кошулушат,
Теректен өмүрүнө бакыт сурап.

Андайлар өмүр бою көңүлү шат,
Олжолуу, кайда барса жолу жумшак
"Ай сен” деп бир бирине терс айтпаган
Эң ысык, айрылгысыз жар болушат.

Жыргалда жылжып өтүп, жылдар өттү,
Жыл сайын көрккө толуп терек көркү,
Кучагы нечен кулач жеткис болуп,
Жарашып бойго толуп далайга өстү:

Кубаты медер кылган, жан эрмеги,
Баягы эркек уулу үчкө келди.
Эшимкан баласына сүннөт жасап,
Эл жыйнап, эстен кеткис чоң той берди.

Той берди, тойго тойду далай адам,
Бир базар мезгил өттү эки арадан.
Таңга жуук дабыш угуп тартка чыкса,
Тереги саргыч ирең тартып калган.

Эшимкан өз көзүнө өзү ынанбай,
Дааналап көпкө турду карай, карай…
"Э, кудай терегиме не болду” деп,
Таң калды бул жорукка шек табалбай,

Ал күнү адетинче түнгө калды,
Кеч жатып, талаа жакка кулак салды,
Тыңшаса: терек ичи күңгүрөнөт–
Билинбей ырдаганы, ыйлаганы.

Көз жумбай кузгун заар ылдам туруп,
Терекке ак ниеттик жүзүн буруп,
Караса, саргыч өңү кеткендир деп,
Көркү жок, андан жаман, андан суук.

Бул мезгил жай айынын биринчи айы,
Теректин саргайганы бул кандайы?..
Эшимкан түлөө кылып, коюн союп,
Түрүлө түгөл келди барлык айлы.

Жабыла колхоз журту жарданышып,
Терекке не болду деп таң калышып,
"Колхоздон ак ниеттик оюн бузган:
Мен эмес, мен эмес” деп карганышып.

Дегенде терек барки жерге түштү,
Кандайдыр, суук шамал элди үшүттү.
"Эй терек, менин кандай күнөөм бар”–
деп,
Эшимкан ылдый карап тизе бүктү.

Бүккөндө, келген элдин алды-кийни,
"Айткын” деп баары тегиз башын ийди.
Термелип терек бир аз күтүп туруп,
Баркинен кыпкызыл кан төгүп ийди.

Жалпы журт жабалактап жарданышты,
Терекке не болгон деп таң калышты.
"А… кокуй… кан төгүлөт турбайбы” деп…
Карылар жакаларын карманышты.

Калп эмес, ошол күндүн эртесинде,
Ошол күн бүгүнкүдөй али эсимде,
Күтүүсүз ажал душман согуш ачты,
Ата журт, бүткүл Совет жергесине.

Намыска жарак кармап азаматтар,
Жаркылдап оттой жанып ошол чактар,
Душмандан кек алууга кетип жатты,
Толкундай бирдей тийип барлык жактар.

Жар калды, сүйгөн калды, сулуу калды,
Сулуудан ысык болду жер ардагы.
Бул жакта ата калды, эне калды,
Турмушта тууган жерден кымбат барбы?..

Нечен бир мен-менсинген боз уландар,
Нечен бир кырчын талдай ууз балдар…
Кез келсе, мекен үчүн жан берүүгө
Жөнөштү күн батышка, күчөп шаңдар.

Батыштын басаңдабай кандуу өртү,
Эң кыйын, эң бир татаал күндөр өттү.
Согуштун соргок мүнөз арааны өсүп,
Азайтты, айыл ичин көп бөксөрттү.

Эшимкан терек сырын эми билип,
Кыштактан бери чыкты, атын минип,
Эрте-кеч жолугары: кемпир, чалдар,
Жаштардын жаш кубаты эриктирип:

Өзүнчө арман кылып жаш күнүнө,
Аттиң ай, жаш болсом деп ушул күндө,
Кемитип алтымыш жашын кырк беш
жашка
Жөнөдү бул да кошо чоң дүбүргө.

Кетерде аялына насаат айтып:
"Туз буйруп мен келгенче кайра кайтып,
Өзүмдөй терегимди жакшы сакта
Чакырат мени алыста октор кайкып”…

Дүңгүрөп согуш күнү өтүп жатты,
Шаркырап сай-сай толуп кандар акты,
Немецтер улам бери жакын келип,
Каптатып танкелерин калдаңдатты.

Бул кезде терек муңдуу күңгүрөнүп,
Майышып жерге ийилип, аз көгөрүп,
Калкына коркунучтуу белги берет,
Баркинен шуудур-шуудур мөндүр төгүп.

О чиркин, элдии күчү кандай ачтык,
Кеменгер сөзүн сүйлөйт кайраттанып,
Биздин эл атырылат алга карай
Душмандар чегинишет кайра тартып.

Бул кезде Терек шаттуу күңгүрөнүп,
Бат бүрдөп, баштагыдай бат көгөрүп,
Калкына кубанычтуу белги берет:
Баркинен өрүк менен мейиз төгүп.

Баатырлар ажал колун артка сүрүп,
Замана раазы болуп шак-шак күлүп,
Бир күндө нечен-нечен шаарды ээлеп,
Жакшылык биз жакка ооду мына
ушинтип.

Аз-аздап, кеткен кайтып эл-жерине,
Ок тийип жаралантып кээлерине,
Ушундай укмуштуу ыкчам бир күндөрдө
Дарт түштү Эшимкандын терегине.

Түшкөн дарт кандай десең, мындай эле:
Дарт эмес, нээти жаман кастык эле:
Эзелден эмгек күндөн энчи албаган
Атыккан кош жалкоо бар ушул элде.

Ким десең: бири Калмат, бири Шоорук,
Кур эмес, ар күн сайын бир жери "ооруп”
Жумушка кыш күнүндөй сейрек чыгат.
Шылтоолоп: "карттык басты” деген
болуп.

Карматпайт чебер кылган кылмыштарын,
Союп жейт, кээ-бир үйдүн майда малын,
Из кууп, түтүн улап, шек кылганча,
Сыр бербейт, карганышып сабап санын.

Зайбы жок, экөөнүн тең балдары жок,
Чынында кара нээт шундай болот.
Малы жок, ак үйлөрү кара болгон,
Чыгынбайт эч нерсеге, иштен коркот.

Калматтын бир кездеги жакшы тамы,
Эскирип, бир жак боору кулап калды.
"Кой Шоке бир туралы экөөбүз” деп,
Шоорукка Калмат досу көчүп барды.

Досуна досу шонтип көчүп барды,
Бул кыштын кары өзгөчө калың жаады,
Шооруктун кайран тамы көтөрө албай
Дүрс этип дал төбөсү түшүп калды.

Отурду эки жалкоо далайга ойлоп,
"Кап атааң… үй эле” деп кейип коет,
"Суук ий”… деп бойлорун кымтынышат,
Баштадан бейкут өскөн эки "бойдок”

"А… Шоке, акыл таптым!… деди Калмат:
"Үйүнө Эшимкандын бизге бармак,
Өзү жок, эптеп-септеп зайбын алдап,
Терегин карылыкка сурап алмак”…

"Хаа… ха…” лап, бүтүк көздүү күлдү
Шоорук;
"Буюрса эртең кайра тамдуу болдук”…
Чын эле эртесинде эки жалкоо
Барышты Эшимкандын үйүн тооруп.

Айтышты: "терегиңди кесебиз” деп,
"Көп акча акысына беребиз” деп,
Аялы Эшимкандын кууп чыкты
Экөөнү эки коюп, катуу тилдеп.

Камынып эки жалкоо ошол түнү,
Теректи кесмек болуп билек түрдү.
Араалап, эки-үч тартып алган кезде,
Араасы ары барбай тарс бөлүндү.

Корс мүнөз, кара нээт, өжөр Калмат,
Терекке сокмок болду балта кармап,
Ар качан ак ниеттин күчү күчтүү,
Жыгылды Калмат кулап калды алактап.

Шек бербей үйлөрүнө кетип калды.
Бүрүшүп жайларына жатып калды.
Күн өттү… айлар өттү… жылдар өттү…
Жарашып биздин терек жашылданды.

Жакындап жеңиш күнү мүнөт санап,
Биздин эл күндө бирден бакыт табат.
Сайратып жер куштарын кубулжутуп.
Колхозго Терек шаттуу кабар салат.

Ал кабар: Май тогузу, Жеңиш Күнү,
Жоголгон келбес болуп согуш түнү.
Биз турган, биз жашаган планетке
Ай берген. Чолпон берген сүйүнчүнү.

Кайтчуулар тынбай агып, кайтып жатты,
Кайрадан калкка толду колхоз айлы.
Бирок да Эшимкандын кабары жок,
Билинбей кайда экени, чыкпай дайны.

Жок эмес, кары Эшимкан тирүү, аман,
Айбы бар, орусча сөз айта албаган,
Билгичтер карылыгын байкап коюп,
Кемеге жүкчү кылып кабыл алган.

Ал кайда? Ленинград тарабында,
Жүк салат, жүк көтөрөт анда, мында.
Эшикем ак ниеттик пейли менен
Дагы эле урмат, кадыр ардагында.

Кечигип бир топ элден кеч бошонгон,
Кош айтып, барыңыз деп кармап колдон,
Узаткан өз айлына андагылар,
Эшикем жерин көрүп кушбак болгон.

Тереги баягыдай өз көркүндө,
Саламат жүзү жарык, барлык бүлө.
Канетсин, карылыктын салдары окшойт,
Эс алды сыртка чыкпай эки-үч күнгө.

Бул кезде Калмат, Шоорук кулак кагып,
Той түшкөн, кой союлган үйлөрдү аңдып,
Сорпо ичип, этти жайкап, арак серпип,
Күүлдөп мас болушат чери канып.

Ошондой көп мастыктын бир масында,
(Жараткан жанды мындай кылбасын да)
Эки шум үйлөрүнө араң жетип,
Ой тапты ошол мастык арасында.

Терегин неге бербейт биз сурасак,
Үйүбүз жаңы үй болмок биздин эчак.
Зайбына Эшимканды өлүптүр–деп,–
Өкүрүп, жалган ыйлап кабар салсак.

"Өлүптүр Эшимиң” деп кабар салсак,
"Кайраным… ардагым”… деп ыйлап
калсак,
"Ээси өлдү… терегиңди телмиртпе” деп,
Өзүнөн ыраазылык жооп алсак…

"Өзүнөн ыраазылык жооп алсак,
Теректи как түбүнөн кыйып салсак,
Түз жерин, жоон жерин кары кылып,
Үч кесип отун кылып жарып жаксак”…

Дештн да тамтаң-тумтаң басып барып,
Туралбай бир жайында буту ыргалып,
"Эшимим… Эшимим” деп өкүрүштү
Бул экөө эки колун бооруна алып.

Эшимкан коюу чыккан чайга тердеп,
Оронуп төрдө олтурган жел тиет деп.
"Өлүптүр эсил кайран Эшимканым”
Эки шум ушуну айтып ыйлап келет.

Аялы Эшимкандын байкай коюп,
Сүйлөдү болгон иштин баарын толук;
"Булардын жаман ою мага маалим,
Оолугат терегиңди кыймак болуп”…

Эшимкан ачууланып тура калды,
Экөөнү бирден-бирден жыгып алды.
Сүйрөлтүп короо ичине алып чыгып,
Терекке бекем чырмап байлап салды.

Терекке бекем чырмап байлап салды,
Бул экөө үч күн калды… төрт күн
калды…
Үч күндө эки шумдун биздин терек,–
Бар бүткөн арамдыгын соруп алды.

Эки ууру эки сонун адам болду,
Таптакыр жалкоолугу тамам болду.
Ичкилик, жолдошуна кастык кылуу
Буларга мындан ары арам болду.

Экөө тең ак ниеттүү адам болду,
Сыйлады бакыт берип заман жолу.
Ак үйдө, ак бешикте баласы ыйлап,
Энчи алып эмгек күндөн байлык толду.

Эки шум эки акылдуу адам болду,
Үйүнөн мейман кетпей ырыс толду.
Жалкоолук, арамзалык колхоздо жок
Алмашты ак ниетке анын орду.

Бай терек, баатыр Терек, көркүн курап,
Бир укмуш шаани төгүп көктөп турат.
Эшимкан салты менен, даңкы менен
Жадырап өмүр сүрөт, дайым куунак.

Саргайбайт, мындан ары түк картайбайт,
Кайгылуу кабар берип кайгыланбайт.
Ак ниет, адилдиктей өлбөй жашайт,
Жан курбум сен да барып, бир көрүп
кайт.

Ар түнү жаштар келип оюн курат,
Теректин өмүрүнө бакыт сурап.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.