Үрпүкан
by Тоголок Молдо

Болот калем колго алып,
Болжоюн сөздүн орунун,
Ашыглыктын зарпынан,
Аалам кылды жоругуң,
Чыдай албай ойлонуп,
Чыгардым сөздүн сонунун.
Асыл таштын көзү бар,
Алтындан шакек колунда,
Жакында көрдүм бир сулуу
Көтөрмөнүн жолунда.
Тилембайдан тик чыккан,
Көк-Колоттун оюнда.
Сүрөткө тарткан эмедей,
Сымбатың артык борумдуу.
Көптөн бери мен өзүм,
Көрбөдүм мындай сонунду.
Бою чарчы, кара көз,
Болжосом сага жан жетпес,
Борумун көрсө оолугуп,
Боз балдар өтсө кыя өтпөс.
Балбылдаган кара көз,
Байкасам сага жан жетпес,
Балдан таттуу ширин сөз,
Боз улан көрсө кыя өтпөс,
Мен сүйлөбөйм жалган кеп,
Сүйгөнүм өзүң, арман көп,
Сүрөтүңдү тарттырып,
«Алсам»–деп жүргөн андан көп.
Айтсам арман арылбайт,
Аселде сендей табылбайт.
Ашык болуп күйбөсөң,
Адамды адам сагынбайт.
Он сегиз менен жыйырма,
От арбадай зарылдайт,
Басылбастан күүлөнүп,
Барган сайын жалындайт.
Олуттуу жашка толгон соң,
Оюндан осол болгон соң,
Айланта санап ич күйүп,
Адамда сендей табылбай.
Жылып өттү кидирбей,
Жабырлык салдың жаныма,
Мурунтан Үкөй билинбей.
Арманда кылдың өзүмдү,
Айлабыз жакын жүрө албай.
Алтындай жүзүң жалтылдап,
Атилес, шайы түрүндөй.
Жоолуктан чыккан саамайың,
Тотукуштун жүнүндөй.
Азыркы турган борумуң,
Алманын кызыл гүлүндөй.
Оттой табың жана элек,
Ойноп ойнуң кана элек,
Оюндун ойнор табында,
Отузга жашың бара элек.
Чачың тал-тал жибектей,
Жасатың тарткан сүрөттөй.
Асылдыгың мааниси,
Акындын кызы Чүрөктөй.
Башың алтын түймөдөй,

Адамдан башка күлгөнүң,
Дукаба бешмант кийгениң,
Түрлөнүп басып жүргөнүң,
Секетпай сага зарланып,
Сен үчүн анык күйгөнүм.
Үрпүкан сага кеп айтам,
Убада сөздү бек айтам,
Азелде тагдыр буюрса,
Аламын сени деп айтам.
Туткуйдун башы Аралдан,
Кудурет берсе боштондук,
Кутулсам деп жалындан.
Убада сөздөр бар болсо,
Үрпүк турат каралда,
Кадимки сөздөн жанбасаң,
Каалабасмын залалга.
Боечор келген кара көз,
Борумуңа калдым таң.
Упадай бетте жууну жок,
Устуканың алтындан.
Карагаттай мөлтүрөп,
Карарып кашың тартылган.
Так он беште кезиңде,
Сага, тааныштык кылды кандай жан?

Бурала басып жүргөнүң,
Белестин кызыл гүлүндөй,
Сүйлөгөн сөзүң татыктуу,
Бураган арген үнүндөй.
Оозуңдан чыккан илебиң,
Булбулдун мукам үнүндөй.
Жылмайып басып жүргөнүң,
Жайлоонун айлуу түнүндөй.
Туткуйдун башы көк колот,
Кайнатаңыз Бекболот,
Кадырлаш Үкөй өзүңө,
Качан сөзүм эп болот?
Аксайдын башы жайылма,
Айлыңыз көчүп көп конду,
Арманың айтып зарланып,
Айныганың көп болду.
Сабырдын түбү сары алтын,
Сабырлуу болсоң жетерсиң.
Сабырсыз болсоң бекерсиң.
Сагынбай таштап кетерсиң!
Сабырлуу болсоң озорсуң,
Самаган жерден тозорсуң,
Сабырсыз болсоң осолсуң,
Барган сайын бошорсуң,
Турбасаң шертке Үрпүкан,
Тултук эмчек кополсуң.
Карайсың көзүң кылгырып,
Какшык айтып жылдырып,
Качан колго тиесиң,
Какшатпай жанды тындырып.
Аста басып буралып,
Арка чачың чубалып,
Алганым болсо Үрпүкан,
Аптамага суу алып.
Секин басып суу алып,
Желке чачың чубалып,
Жеткеним болсо Үрпүкан,
Жез кумганга суу алып.
Алганың мындай болгон соң,
Адамда арман калабы,
Ашыктык оту күйдүрбөй,
Адамзат бенде жанабы.
Күнү үстүндө кор болдуң,
Гүлгүн жашың тең жүрбөй,
Чидерден сени өтөт бейм,
Эркиңче ойноп күлдүрбөй.
Чогулса сени сөз кылат,
Чоро, саяк манабы,
Байымбеттен баш күндөн,
Алсам деп жүргөн талабы.
Айткан менен бекер сөз,
Албаса арман калабы?
Серпкенде каштан билгениң,
Секин басып жүргөнүң,
Көөнүмдөн кетпейт асыл зат,
Сермелип карап күлгөнүң.
Каккандан каштан билгениң,
Аста басып жүргөнүң,
Оюмдан кетпейт асыл зат,
Кашкайып карап күлгөнүң.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.